Жаңылыктар
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө даярдык көрүлгөнбү?
Кыргызстан жаңылыктары
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө даярдык көрүлгөнбү?

Кыргызгидромет өлкө аймагында катуу суук болорун айтып, шашылыш билдирүү тараткандан бери жылуулук темасы биринчи орунга чыгып, мал-жанды сууктан сактоо маселеси күч алууда. 

Айрым маалымат каражаттарында талкууга алынып жаткан электр энергиясы менен камсыздоо боюнча маселе  жайында. Демейде бирин-серин катталып жаткан авариялык өчүрүүлөр гана болбосо, маал-маалы менен өчкөн абал азырынча байкалбайт. Түндүк электр ишканасынан маалымдагандай, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө алдын ала даярдык көрүшкөн.

Ал ортодо күн суукта ар кандай төлөмдөрдү кабыл алууда жана ар кандай сунуштарга жардам берүүдө ыңгайлуу болсун деп, Бишкек шаарынын абоненттери үчүн жаңы тейлөө борбору да ишке кирген. Бул жерден эсеп-кысап гана жүргүзүлбөстөн, ар кандай жагдайдагы телефондук чалууларга жооп берүү жана түшкөн нааразычылыктарды кабыл алуу, алардын аткарылышын көзөмөлдөө сыяктуу кызмат көрсөтүүлөр жайгашкан.

Бишкек мэриясы суукта үшүп калган тургундар административдик жайларга кирип жылынып алса болоорун билдирүүдө. Жылынуу жайлары райондук административдик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелеринде, ошондой эле муниципалдык кызматтарда уюштурулду. Ал жакка көчөдө баратып, үшүп калган шаар тургундары кирип жылынып, андан соң жолун уласа болот.