Жаңылыктар
Ушул күнү 74 жыл мурун Санкт-Петербург шаары фашисттик блокададан толук бошотулган
Кыргызстан жаңылыктары
Ушул күнү 74 жыл мурун Санкт-Петербург шаары фашисттик блокададан толук бошотулган

Жыл сайын 27-январда Ленинград шаарынын фашисттик блокададан толук бошотулган күнү белгиленет. Миллиондогон адамдардын канына забын болгон 3 жылдык курчоо 1944-жылы дал ушул күндөрү советтик жоокерлер тарабынан талкаланган. Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков «Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун» өкүлдөрү менен жолугушуп, мындан сырткары борбор калаада бир катар эскерүү иш-чаралары өттү.

Мурдагы Ленинград, азыркы Санкт-Петербург шаары 74 жыл мурун, январдын соңку күндөрү толук бошотулган. Бул даталуу күнгө карата президент кыргыз блокадачылар коомунун өкүлдөрү Анна Кутанова жана Шамиль Мухамеджанов менен жолугушту. Анна айым өлкө башчысына согуш жылдарындагы оор күндөр тууралуу айтып берип, азыркы учурдагы коомдук уюмдун ишмердүүлүгүнө токтолду.

Жалпы согуш ардагерлери, мамлекеттик мекеме жетекчилери, коомдук ишмерлердин катышуусунда эскерүү иш-чарасы Сейтек борборунда өттү. Президенттин аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн жетекчиси Мира Карыбаева Ленинград шаарын блокададан бошотуу күнүнө карата президенттин кайрылуусу менен тааныштырды.