Жаңылыктар
“Ч.Айтматов” атындагы орден тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
“Ч.Айтматов” атындагы орден тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкты

КСДП фракциясы “Чыңгыз Айтматов” атындагы орден тууралуу мыйзам долбоорду иштеп чыкты. Бул мыйзам долбоору жакынкы аралыкта парламенттин кароосуна жиберилет жана орден эл аралык деңгээлдеги сыйлык болмокчу. 

Буга чейин «Ата Мекен» фракциясынан Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Эмил Токтошев дагы бир катар депутаттар Чыңгыз Айтматов атындагы медаль тууралуу демилгени көтөрүп чыгышкан. Бирок, КСДП фракциясы Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы жана маданияттагы салмактуу ордун эске алуу менен, орден берилиши керек деген жүйөкелтиген. 

Кийинчерээк Бир Бол, КСДП, Ата Мекен фракцияларынын депутаттары бул маселени талкууга алып, орток бир пикирге келишкен.

Даңкы дүйнөгө кеткен атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов ордени жөнүндөгү мыйзам колдоо тапса, 2018-жылдан баштап бул сыйлык гумандуулук багытында адамзат турмушуна жаңылык киргизген татыктуу инсандарга бериле баштайт.