Жаңылыктар
А.Шадиевдин жетекчилиги алдында ыкчам штаб түзүлдү
Саясат
А.Шадиевдин жетекчилиги алдында ыкчам штаб түзүлдү

Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча ыкчам штаб түзүлдү. 

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаарындагы Бишкек ТЭЦиндеги эски от казандардын иштөөсүнөн улам пайда болгон жагдайды талкулап, ыкчам кеңешме өткөрдү. 

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жылуулук борборун көрүп чыккандан кийин Өкмөт башчыга - эски казан агрегаттарындагы бузулуудан жана ал жердеги ысык суунун температурасы төмөндөп кеткенден улам, шаар тургундарын жылуулук менен камсыздоонун сапаты начарлап кеткенин айтты. Сапар Исаков түзүлгөн абалга карабастан, Бишкек шаарынын тургундары үчүн турак үйлөргө, өзгөчө борбор калаанын социалдык объектилерине жылуулук жеткирүү боюнча ынгайсыздыктар жаралбашы керек деп белгиледи. 

Буга байланыштуу Өкмөт башчы Бишкек шаарындагы керектөөчүлөргө жылуулукту өз убагында камсыз кылуу үчүн кыска мөөнөт ичинде калыбына келтиргиле деп тапшырма берип, биринчи-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жетекчилиги алдында ыкчам штаб түзүлдү.