Жаңылыктар
Д.Кенекеев: "Айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалат"
Айыл чарба
Д.Кенекеев: "Айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалат"

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев айыл чарба тармагынын ардагерлери менен жолукту. Жолугушуда республикадагы айыл чарба тармагынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу талкуу болду. 

Кенекеев Президенттин 2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгына байланыштуу айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалып, бүгүнкү күндө агрардык секторду өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты болуп эсептелерин белгиледи жана айыл чарба тармагынын көрсөткөчтөрүнө кыскача токтолуп, акыркы жылдары айыл чарбада жигердүү өсүү байкалып жатканын кошумчалады. 

Аны менен катар ал тармакты өнүктүрүүгө көптөгөн жылдарын берген ар бир айыл чарба ардагеринин жаш адистер менен бөлүшө турчу бай тажрыйбасы бар экенин белгиледи.

Жоолугушунун жүрүшүндө айыл чарбанын ардагерлери айыл чарба кооперативдер, асыл тукум мал ишканалар, ирригациялык системаны модернизациялоо, айыл чарба өңдүрүүчүлөр үчүн жеңилдетилген насыяларды алуусун жеңилдетүүгө тийиштүү бир катар маселелерди көтөрүштү. Вице-премьер-министр көтөрүлгөн сунуштарды өкмөт сөзсүз эске аларын белгиледи.