Жаңылыктар
Бишкек ЖЭБдеги авария калыбына келтирилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек ЖЭБдеги авария калыбына келтирилди

Азыркы тапта станцияны бир калыпта иштетүү аракеттери көрүлүп жатат. Премьер-министр Сапар Исаков жана Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча ыкчам штабдын жетекчиси Аскарбек Шадиев ЖЭБдеги жылуулук менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү иштерин көрүп чыгышты. 

Азыркы тапта ЖЭБнин ишин калыбына келтирүү боюнча иштер штаттык режимде жүрүп жатат. Бул максатта ысык суунун жана электр кубаттуулугун кадимки режимде берүүнү калыбына келтирип, температуралык режимди стабилдештирүүгө жардам берген кошумча буу казан ишке берилди. Ишканада жылуулукту кадимки режиминде берүү үчүн кубаттуулукту күчөтүү иштери уланып жатат. 

Бишкек шаарындагы бардык керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыздоо бир сутканын аралыгында толук калыбына келтирилет.  Ал ысык суунун температурасын турукташтырат жана электр энергиясына күч келтирбейт. Бир сутка ичинде Бишкек жылуулук тармактарынын баардык абоненттери жылуулук менен камсыз болот, - дейт Калиев.