Жаңылыктар
Катуу сууктан улам Бишкектеги бала бакчалардын иши токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Катуу сууктан улам Бишкектеги бала бакчалардын иши токтотулду

Катуу сууктан улам Бишкектеги бала бакчалардын иши токтотулганын мэрия билдирди. Эскерте кетсек, Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, сууктун күчү —30 градуска чейин жетерин эскерткен. 

Ал эми 26-январда кечки саат алтыда Бишкек Жылуулук энерго борборунун эски буу казандарына суу берген куур иштен чыгып, кубаттуулугу 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылган болчу. Анын айынан шаардагы көп кабатуу үйлөр менен социалдык объектилерге берилген жылуулуктун табы бир топ төмөндөгөн. 

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин иши 29-30-январь күндөрү токтотулду. Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын аймагындагы мектеп окуучуларын үч жана төрт күнгө каникулга таратуу чечимин чыгарган. Ал арада февралдан тарта күн жылый турганын Кыргызгидромет маалымдады.