Жаңылыктар
Кантты көп пайдалануу мээнин айрым функцияларынын бузулушуна алып келери аныкталды
Ден соолук
Кантты көп пайдалануу мээнин айрым функцияларынын бузулушуна алып келери аныкталды

Кант диабети же канда канттын көп болушу менен мээнин айрым функцияларынын бузулушу ар дайым бирге жүргөн илдеттер экенин Улуу Британия менен Кытайдын окумуштуулары аныкташты. Бул тууралуу Diabetologia журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Көрсө, кандагы канттын өлчөмүн көзөмөлдөп туруу — мээге байланыштуу айрым ооруларды алдын алууга шарт түзөт экен. Организмдеги канттын өлчөмү менен мээ ооруларынын кандай байланышы бар экенин текшерген иликтөөгө беш миңден ашык кары адам катышты. 

Алардын салмагы, жашоо шарты, башка илдеттери, үй-бүлөлүк абалы, ичимдик жана чылымга жакындыгы эске алынгандан кийин дагы канты көбүрөөк адамдардын мээсинин айрым иштеми эртерээк бузулары аныкталды. 

Мындан улам окумуштуулар адам кант диабети менен жабыркабаган күндө деле органимздеги кант менен мээнин функцияларынын байланышы бар деген чечимге келишти.