Жаңылыктар
Бишкекте катуу суукта жардамга муктаждарды кабыл алчу жайлар иштеп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте катуу суукта жардамга муктаждарды кабыл алчу жайлар иштеп жатат

Катуу суукта жардамга муктаж шаардыктарга ысык чай, тамак менен камсыз кылуу жана жайгаштыруу пункттары Бишкекте иштеп жатат. Аны мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

28-январда баш калкалоочу жайларга бир нече үй-бүлө жана жеке адамдар кайрылган. Алардын баары мейманканаларга, мектептерге жайгаштырылып, ысык тамак, жылуулук менен камсыз болушкан. 

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте шаардын ичине ысык чай берүүчү кырктай жылуу чатырларды орнотту. Чатырларга жолдо бара жаткан жөө жүргүнчүлөр жана жумушчулар жылынуу үчүн кайрылышууда. 

Ошондой эле, баш калкалоочу жайлардын бардыгында жана кээ бир муниципалдык ишканаларда кайрылгандар үчүн ысык тамак уюштурулуп, түнөөчү жайлар иштеп жатат.