Жаңылыктар
Кыргызстандын беш облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринде депутаттар шайланды
Шайлоо 2023
Кыргызстандын беш облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринде депутаттар шайланды

Кыргызстандын беш облусунда айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү. Добуш берүү тынч, жогорку уюшкандыкта өтүп, өз убакыт саатында жыйынтыкталды. 

Жергиликтүү кеңешке шайлоолор Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешине өттү. Андан сырткары шайлоочулар Чүй облусунда 4 айылдык кеңешке жана Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарына добуш беришти. 

Ошондой эле Жалал-Абад облусунда 1 айылдык кеңешке жана Таш-Көмүр шаардык кеңешине, Нарын облусунда 1 жана Ош облусунда 2 айылдык кеңешке шайлоолор өткөрүлдү. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары чыгарылып, бир нече күндөн кийин жеңүүчүлөр расмий түрдө аныкталат.