Жаңылыктар
Мамбет Чокморовдун вариантында "Манас" эпосунун 3 томдук китеби жарык көрдү
Маданият
Мамбет Чокморовдун вариантында "Манас" эпосунун 3 томдук китеби жарык көрдү

Мамбет Чокморовдун варианты боюнча: “Манас”, ”Семетей”, “Сейтек”  3 томдук китеп жарык көрдү. Бул 2017-жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программага каралган каражаттын эсебинен каржыланган. 

Адабиятчы окумуштуулардын айтымында бул, Саякбайдан кийинки эле чоң көлөмдөгү рухий мурас. Китеп болгону 500 нускада басылган. Толугу менен китепкана, мектеп жана окуу жайларына акысыз таратылары айтылды. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.   

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”