Жаңылыктар
Борбор калаада коомдук унаалар кадимки тартипте иштөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада коомдук унаалар кадимки тартипте иштөөдө

Бишкек шаарында суукка карабай коомдук транспорт ишин жүргүзүүдө. Бүгүнкү күнү калаада 93 троллейбус, 1 миң 700дөй кичиавтобус жүргүнчүлөрдү ташып жатат. Ал эми автобустардын жарымы гана ишке чыкты. 

Бишкек мэриясы учурда 53 автобус жүргүнчүлөрдү ташып жатканын, бул жалпы автобустардын 42 пайызын гана түзөрүн маалымдады. Шаардык бийлик коомдук транспорт кечки саат 11ге чейин үзгүлтүксүз иштей турганын билдирүүдө. 

Эртең менен от албай, каттамга чыкпай калган коомдук унаалардын да саны кескин кыскаргандыктан, мэрия шаардыктарды зарылчылык болбосо көчөгө чыкпоону сунуштаган эле.