Жаңылыктар
"Гремми" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Маданият
"Гремми" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

28 январь күнү Нью-Йорк шаарында Мэдисон-сквер-гарден комплексинде "Гремми" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. 

Быйыл 60-жолу өткөрүлүп жаткандыктан жылдагыдай Лос-Анжелесте эмес, Нью-Йорк шаарында өткөрүлдү.  

Бул жылы эң көп "Грэмми" сыйлыгын алгандардын сап башында америкалык ырчы Бруно Марс турду. Ырчынын "That's what I like" ыры үч номинацияда жеңүүчү аталды: "Жылдын мыкты ыры", "R&B стилиндеги эң жакшы ыр" жана "Эң жакшы R&B аткаруу". Ал эми "24K Magic" альбому "Жылдын эң мыкты альбому"  деп табылып жана "Эң мыкты үн жаздыруу" номинациясын жеңди деп белгиледи Би Би Си.



Реппер Кендрик Ламардын  "Humble" ырынын клипи "Эң мыкты музыкалык клип" деп табылып жана да "Эң мыкты Реп" жана "Эң мыкты Реп Перформанс" деген сыйлыктарды алды. Ал эми Риана менен биргеликте жазылган "Loyalty" ыры Гремминин "Эң мыкты Реп/Ыр Перформансы" сыйлыгына татыды. Бул менен эле чектелбей, реппер "Эң мыкты реп альбом" сыйлыгын да алып кетти.


Ал эми "Эң мыкты аранжировка" сыйлыгына Рэнди Ньюмандын "Путин" ыры татыды.