Жаңылыктар
Жылуулук толук кубатта берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Жылуулук толук кубатта берилет

Жакынкы күндөрдөн тартып Бишкек шаарынын тургундарынын үйлөрүнө жылуулук толугу менен мурдагы калыпта бериле баштайт. Бул тууралуу Бишкек Жылуулук берүү борборунун жетекчилиги билдирди. 

Ызгаар сууктун кесепетинен жабдуу иштен чыгып, буу казандарга суу жеткиликтүү көлөмдө берилбей калган. Анын айынан шаардыктарга берилип жаткан жылуулуктун көрсөткүчү дароо төмөндөгөн. Көрсө катуу суукта иштен чыккандыктан суу чыкпай насостук станциядагы цистерналардагы көрсөткүчтөр бирди ал эми чынында суу таптакыр башка өлчөмдө болгон. 

Бул азырынча алдын-ала чыгарылган болжолдуу тыянак. Учурда мүчүлүштүктөр жоюлуп, жылуулук берүү кайрадан жанданды. жылуулук борбору кадимки тартипте иштеп жатат. 

Бирок тилекке каршы азырынча жылуулук толук кубаттуулукта бериле элек. Энергетиктер Бишкекке жылуулукту толук кубаттуулукта жеткирүү үчүн учурда ыкчам аракеттер көрүлүп жатканын ырастады. Нурлан Садыков шаарга жылуулук беш тарамда берилет-деди. Бул Батыш-1, Батыш-2, Батыш-3 жана Түштүк менен Аламүдүн. 

Биринчи мүчүлүштүктү жоюп жатканда ЖЭБдеги кошумча агрегатты иштетүү маалында диаметри 60 миллиметр болгон түтүк жарылып кеткен. Экинчи жагы түтүктүн жарылып кетишине 20 градустук суук себеп болгон.