Жаңылыктар
Суук күндөрү жылуулук издегендер
Кыргызстан жаңылыктары
Суук күндөрү жылуулук издегендер

Өлкөдө өкүм сүрүп жаткан катуу сууктан ордо калаадагы айрым көп кабаттуу үйлөрдө суу түтүктөрүнүн жарылуусу катталууда. Алардын айрымдары эскилиги жеткен түтүктөрдүн кесепетинен болсо, кээ бирине үй курган компаниялардын шалаакы мамилеси себеп болууда. Таң эрте ысык буунун арасында калган тургундар дароо жылуулук берүү ишканасына кабарлаган. 

Бирок аз убакыттын ичинде эле каптаган буу өйдөкү кабаттарга жетип, натыйжада дубалдын шыбактары түшө баштады. Бул үйдүн айланасында 5-6 көп кабаттуу үй катары менен жайгашкан. Андагы жашоочулар дагы жылуулук берүү баштапкыдай болбой жатканын айтышууда. Бишкек жылуулук түйүнү ишканасынын өкүлдөрү билдиргендей, жылуулук берүү акырындык менен жүрүп жатат. Жаш Гвардия бульварындагы 96 а номурунда жайгашкан кабаттуу үйдө абал бир аз башкача. Экинчи кабаттагы суу кетүүчү түтүктүн жарылуусунан улам, түн ичинде аккан суу, тепкич ылдый агып, эки батирдин ичине чейин кирген.

Жаңы курулуп бирок толук бүтө элек бул үй, Бишкек мэриясына колдонууга бериле элек. Жагдайды сууктун катуу болуп жатканы менен түшүндүргөн курулуш компаниясынын өкүлдөрү, кеткен чыгымдын баарын төлөп, жарылган түтүктөрдү кечке чейин оңдоп бүтөбүз деп убада кылды. Бул арада Бишкек мэриясы ар кандай кырдаалдардын алдын алуу үчүн, шаар тургундарына көп кабаттуу үйлөрдүн подъездериндеги эшиктерин жабык кармап, үйдүн эшик терезелерин жылуулап, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырууда.