Жаңылыктар
Бишкек: катуу суук айрым ооруканалардын абалын кыйындатты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек: катуу суук айрым ооруканалардын абалын кыйындатты

Бишкектеги бала бакча менен мектептер убактылуу жабылган. Бирок ооруканаларды жабууга мүмкүн эмес. Анткен менен, жылуулукту чектөөдөн улам, өзгөчө эскилиги жеткен имараттардагы абал кыйындаган. 

Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургия бөлүмү жылыткыч жагууга аргасыз. Антпесе операциядан чыккан бейтаптын саламаттыгы чыңдалмак түгүл, кайра ооруп калышы ыктымал. Ошондуктан ызгаардуу аяз каптаганы электр прибор иштетилип, экиден жууркан таратылган. Ушул күндөрү бөлмөнүн ичи өтө ысык болбосо дагы, көйнөкчөн жүрүүгө болот.


Операция бөлүмү атайын жылытылып, суук түшкөндөн бери 6 операция жасалган. Аба ырайынын төмөндөшүнө байланыштуу план боюнча көрүнүүгө муктаж адамдарды артка жылдырып, абалы оор делген жүрөк оорулууларды кабыл алууда. 

Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана майыптар жайгашкан имаратындагы жылытуу системасында авария болуп, суукту көтөрө албай керектен чыккан. 

Учурда жылуулук куурларын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Ичиндеги бейтаптар болсо башка бөлүмдөргө которулган. Саламаттык сактоо министрлигинин ичинде Бишкектеги ар бир бейтапкана жетекчилигинин катышуусунда өзүнчө штаб түзүлүп, иштеп жатат. Улуттук госпиталдан башка дагы төрөт үйлөрүнө жана балдар ооруканасына көңүл бурулуп жылуулук менен камсыз кылуу аракети көрүлүүдө.