Жаңылыктар
Кыш ызгаары канчага созулат?
Кыргызстан жаңылыктары
Кыш ызгаары канчага созулат?

Калаа бийлиги кыйынчылыктарды жеңилдетүү үчүн көчөлөргө жылынуучу чатырларды жайгаштырып, муктаж болгондорго ысык чай берүүдө. Убактылуу баш калкалоочу жайларга кайрылгандар арбын. Суук аба ырайы дагы канчага уланат?  

Шаар бийлигинин билдирүүсүндө, оорукана жана башка социалдык мекемелерде орточо температураны камсыз кылуу боюнча күн-түнү нөөмөтчүлөр иштеп жатышат. Үй-жайы жок же үйү суук жарандар үчүн мейманканалардан бөлмөлөр берилип, тамак-аш уюштурулууда.

 Жалгыз бой пенсионерлерге социалдык кызматкерлер өз жардамдарын сунуштоодо. Ошондой эле шаардагы төрт райондо тең жылынуучу жай үчүн айрым мектеп имараттары бошотулуп берилсе, убактылуу баш калкалоочу жайлардын ичи зарыл болгондорго толду. 

Акыркы он жылдан бери Бишкекте сууктан улам өзгөчө кырдаал жарала элек болчу.  Жардамга муктаждарга шаар бийлигинен сырткары, активисттер, ишкерлер да кол сунууда. Гидрометеорология борборунан билдиришкендей, 30-январдан баштап күндүн суугу басаңдайт. 26-январда башталган ызгаардан улам мектептер, бала-бакчалар убактылуу жабылган.