Жаңылыктар
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого жалпы 87 миңден ашык шайлоочунун тизмеси илинген болсо, алардын 48 миңге жакыны шайлоого катышкан. Пайыздык чен менен эсептегенде, бул 54,8 пайызды түздү. 3 күндөн кийин шайлоонун акыркы жыйынтыктары чыгарылат. Эгер бул аралыкта эч кандай арыз-даттануулар келип түшпөсө, аймактык шайлоо комиссияларынын ишин Борбордук Шайлоо комиссиясы тааныйт. Эске салсак, 28-январда 11 жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо болуп өттү. 

Бул шайлоодо Ош облусунун Араван районунун Юсупов айылында, Кара-Балта, Таш-Көмүр шаарлары жана Аксы районунун Кара-Жыгач айылында шайлоого эл активдүү катышкан. Жалпы 11 жергиликтүү кеңешке шайлоо болуп өттү. Алар эки шаардык жана тогуз айылдык кеңештер. Кезектеги шайлоодо 211 бош депутаттык мандатка ат салышуу болду. Алардын 62си шаардык кеңеш болсо, калган 149у айылдык кеңештерге шайланды. Шайлоодо 29 шайлоо округдары жана 56 шайлоо участкалары иштеди. Жергиликтүү кеңешке шайланууга 1 миң 250 талапкер катталып, алардын 453ү айылдык жана 797си шаардык кеңешке талапкерлигин койгон. 

Жергиликтүү кеңешке жалпы 87 миңден ашык шайлоочунун тизмеси илинген болсо, алардын 48 миңге жакыны добуш беришкен. Пайыздык чен менен эсептегенде, элдин келүүсү 54,8 пайызды түздү. Орто эсеп менен алганда, шаарларда бир депутаттык мандатка 13 талапкер болсо, айылдарда 3төн талапкер катталган. Учурда шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы чыгарылды. Учурда аймактык шайлоо комиссиялары акыркы жыйынтыктарды чыгаруунун үстүндө иштеп жатат.  28-январда өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун акыркы жыйынтыгы шайлоо күнүнөн үч күн өтүп чыгарылат. Эгер бул аралыкта эч кандай арыз-даттануулар келип түшпөсө, аймактык шайлоо комиссияларынын ишин Борбордук Шайлоо комиссиясы таанып, бекитип берет. Андан кийин гана мандаттар бөлүштүрүлөт.