Жаңылыктар
Жылуулук борборундагы жагдайдан улам Сапар Исаков кайрылуу жасады
Кыргызстан жаңылыктары
Жылуулук борборундагы жагдайдан улам Сапар Исаков кайрылуу жасады

Өкмөт башчысы катары түзүлгөн кырдаал үчүн баарыңыздардан кечирим сурайм жана актангым келбейт. Абал катуу иликтөөгө алынат. Бардык күнөөлүү кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жазаланат. 

Мындай пикирин премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча калаа тургундарына кайрылганда билдирди. Кайрылууда учурда шаардыктар үйлөрүн жылытууда электр энергиясын өтө көп керектеп жатышат.

Ошонун натыйжасында Бишкек жылуулук тармагына күч келип, анын иши үзгүлтүккө учурады. Эми анын себебин укук коргоо органдары иликтейт. Бишкек жылуулук борбору өз убагында модернизациялангандыгы үчүн бүгүнкү күндө тез аранын ичинде учурдагы абалды жөнгө салууга жетиштик. Эгерде ТЭЦте реконструкция иштерин жүргүзбөгөндө, мындай суукта шаар ичиндеги бардык суу түтүктөрү толугу менен жарылып, иштен чыкмак. 

Анын кесепетинен шаардын инфраструктурасы жабыркап, масштабдуу зыяндарга учурамакпыз. Албетте, өлкөбүздүн экономикасына да чоң күч келмек. Чындыгында түзүлгөн кырдаал бул тармактагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Жалпы энергетикалык сектор реформага, кошумча инвестицияларды тартууга муктаж экенин дагы бир ирет көрсөттү. 

Өкмөт бул ишке - артыкчылык катары катуу көңүл бурат. Биз бул секторду реформалоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Учурда бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеп баштады. Шаарды жылуулук менен камсыздоо тутумун тез арада калыбына келтирүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иштер жүрүп жатат.