Жаңылыктар
Мектептердеги эс алуу 3-февралга чейин узартылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептердеги эс алуу 3-февралга чейин узартылды

Кыргызстандын мектептериндеги эс алуу 3-февралга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Билдирүүгө ылайык, министрлик Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы аралыкта абанын температурасы жогорулабай турганын билдиргенден кийин каникулду узартуу чечимин кабыл алган. 

Эске салсак, катуу сууктан улам 26-январдан 31-январга чейин Кыргызстандагы мектептерде окуу процесси токтотулган.