Жаңылыктар
Россияда кыргызстандык 2 адам чатакташып, бири экинчисине бычак сайды
Кылмыш
Россияда кыргызстандык 2 адам чатакташып, бири экинчисине бычак сайды

Россиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык адам шеригине бычак менен жаракат келтирди. Бул тууралуу «Невские Новости» билдирди.

Маалыматка караганда, жаракат алган адам дагы кыргызстандык болгон. Ал көкүрөгүнө бычактан алган жаракаттан улам ооруканага жеткирилди. 

1986-жылы туулган адам спирт ичимдигин ичип отуруп 1983-жылы туулган шериги менен чатакташа кетип, ага бычак сайган. Кылмышка шектүү окуя болгон жерден кармалып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.