Жаңылыктар
Ислам Каримовдун небереси Англиядан башпаанек сурады
Дүйнө
Ислам Каримовдун небереси Англиядан башпаанек сурады

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун улуу небереси — 25 жаштагы Ислам Каримов Англиянын өкмөтүнөн башпаанек сурап кайрылды. Бул тууралуу анын жактоочусуна шилтеме берүү менен Би-Би-Синин өзбек кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Ислам Каримов башпаанекти 1 ай мурда сураган. Ал азыркы учурга чейин Англияда жашап жатат. Апасы Гүлнара Каримова азыр Өзбекстанда үй камагында. Ага 2015-жылы салык төлөөдөн ооп кетүү, карактоо беренелери менен айып тагылып, 5 жыл эркинен ажыратылган.

Гүлнара Каримова биринчи уулун төрөгөндө ысымын президент атасы Ислам Каримовдун урматына Ислам деп атап, өзүнүн фамилиясын берген.