Бишкек Жылуулук электр борборунда жылуулук берүү үзгүлтүккө учурагандан тартып коомчулукта кошумча электр борборлорун куруу тууралуу демилгелер күчөдү. Айтмакчы, борбор калаада дагы бир Жылуулук электр борборунун курулушу Союз маалында башталган, бирок ал убагында ишке берилген эмес.
Бишкектин түштүк батыш бөлүгүндө жайгашкан экинчи жылуулук электр борбору 1984-жылы пландалып, курулушу башталган. Долбоорго ылайык 3 буу казан жана эки энергетикалык блок курулмак. Адистер 1991-жылга чейин 2 буу казанды гана салып жетишкен.
Экинчи жылуулук электр борбору газ менен иштөөгө ылайыкташтырылган, ал курулуп бүткөндө Бишкектин түштүк батыш тарабын, өзүнөн 10 чакырым алыстыкка чейин жайгашкан үйлөрдү жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылмак. Бишкек ЖЭБинде жылуулук берүү үзгүлтүккө учурагандан тартып экинчи Жылуулук борборун кайра калыбына келтирүү демилгелери пайда болду.
Айтмакчы, жылуулук борбору курулуп жатканда биринчиден союз маалы, экинчиден көгүлтүр отундун баасы арзан болгон. Азыр аны газ менен ишке киргизүү кымбатка туруп каларын адистер эсептеп чыгышкан. Маселен мындагы бир эле буу казан саатына 12 миң чарчы метр газ керектейт, аны 24 саатка, андан келип чыккан санды азыркы көгүлтүр отундун тарифине көбөйтөбүз. Ири суммадагы акча каражаты короп, ал эми бир суткада 98 гана гигаколорий жылуулук бөлүп чыгарат экен. Андыктан газга болгон азыркы баа менен жылуулук борборун иштетүү майнапсыз.
Жылуулук борборунун мурдагы аянты 100 гектардан ашык болгон. 2005-жылдары анын 47 гектар жери жеке адамдар тарабынан басып алынып, азыр бул жерде толук кандуу конуш турат. Үйлөр энергоблоктон 100 метр гана алыстыкта жайгашкан. Эрежеге ылайык бул туура эмес. Ишканадан айрым тетиктер уурдалып, айрымдары Бишкек жылуулук борборунун керектөөсүнө берилген. Азыр мекемени 5-6 кишиден турган гана күзөтчүлөр кайтарат. Ал эми бул маселеге кайрылуу зарылчылыгын убакыт көрсөтөт.