Жаңылыктар
Бишкек Жылуулук борборунда жаңы блок ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек Жылуулук борборунда жаңы блок ишке кирди

Бишкек жылуулук борборунда 30-январь күнү таң эрте жаңы 3-блок ишке кирди. Үзгүлтүккө учураган жылуулук кечке маал калыбына келе баштады."Улуттук энергохолдинг" компаниясынан билдиришкендей, бул блок 150 мегаватты көтөрүүгө жөндөмдүү болуп, 88 градус жылуулук берет. Аны суу менен толтуруу 29-январда башталган. Ал ортодо эл өкүлдөрү Жылуулук борборунда жаралган жагдай менен таанышып, көчмө жыйын өткөрдү. 

 “Энергохолдинг” билдиргендей буга чейин жаңы блокко суу жетпей, аны иштетүү мүмкүн болбой жаткан. Ал ишке киргени, системадан чыккан суунун температурасы 66-67 градуска чейин жогорулап, турак-жайларда 4 күнгө созулган сууктун мизи кайта баштады. Өз кезегинде өкмөт башчы шаар тургундарын убайымга салган көрүнүшкө чара көрүлөөрүн билдирди. 

Маселе менен жакындап таанышып чыккан эл өкүлдөрү жасалып жаткан жумуштарга күбө болуп, эң башкысы абалды жөнгө салуу керек деп белгиледи. 

Жаралган кырдаалга байланыштуу бир катар тергөө органдары тарабынан текшерүү иштери жүрүп жатат. Башкы прокуратура бул факт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жылуулук борборунда иштин үзгүлтүккө учурашы электр энергия тармагына оорчулук жаратып, керектөөчүлөрдүн көрсөткүчү жогорку чекке жеткен. Айрым жерлерде гана өчүрүүлөр катталганы болбосо, көмөкчордондор туруштук бере алды.

Жылуулук борбордо иштен чыккан жабдуулар оңдолууда. Эски буу казандарды оңдоо иштери тынымсыз жүрүүдө, качан бүтөт белгисиз. Быйылкы кышта катуу суукта жаралган кырдаал өз маалында жабдууларды жаңыртуу, оңдоо жумуштарын убагында өткөрүү зарылчылыгын жаратканын билдирди.