Жаңылыктар
"Ош" базарынын кире бериш жеринде өрт чыкты
Өзгөчө кырдаал
 "Ош" базарынын кире бериш жеринде өрт чыкты

Бишкек шаарындагы "Ош" базарынын кире бериш жеринде өрт чыкты. 3,5 миң чарчы метр аянтты жалмаган тилсиз жоо 18-30да гана толугу менен өчүрүлдү. Кырсык чыккан жерге жакын жайгашкан соода күркөлөрүндөгүлөр менен банктын кызматкерлери коопсуз жайга чыгарылды. 

Биздин чыгармачыл топ, кырсык болуп жаткан жерге саат 10 дон 20 мүнөт өткөндө барган кезде, "Ош" базарынын азык-түлүк саткан бөлүгүнө кире бериште жайгашкан имарат өрттөнүп, коюу кара түтүн асманга көтөрүлүп, катары менен жайгашкан күркөлөр алоолоп күйүп жатыптыр.

Милиция аймакты көзөмөлдөп, коомдук тартипти сактоого аракет кылышты. Бирок өрт чыккан дүкөндөрдүн сатуучулары жер төлөдөгү товарларын алып чыгуу аракетин көрүп, мүмкүн болушунча ичтен сыртты көздөй ыргытып жатышты. Болжолдуу маалыматка караганда тилсиз жоо 3,5 миң чарчы метрге жакын аянтка жайылды. Жалпысынан ондогон соодагердин күркөсү өрттөнүп кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча жараат алгандар жана курмандыктар жок деп айтылганы менен, кийинчерээк, өрттөн эки киши ууланып, ооруканага жеткирилгени маалым болду. Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Айрым күбөлөрдүн айтымында өрт таңкы саат 6 жарымдарда эле башталган. Бирок соода дүкөндөрдүн жер төлөөсүндө жайгашкан дааратканадан таң атпай түтүн чыгып жатканын ары-бери өткөндөр анча деле этибарга алган эмес.

Кырсыкты жоюу үчүн жалпысынан карамагында ыкчам штаб, куткаруу тобу жана өрт өчүрүүчү унаалары камтылган 12 бөлүм тартылды. Өрттүн негизги очогу саат 12 жарымда өчүрүлүп, кечке чейин майда түтүн чыккан жерлерди басуу аракети токтогон жок.