Жаңылыктар
Ош: коопсуз жайларга көчүрүүнү ыкчамдатуу
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: коопсуз жайларга көчүрүүнү ыкчамдатуу

Жаратылыш кырсыктары кооптуу аймактарды дале болсо байырлап отурган жарандарга сабак болушу керек. Учурда жаңы жер аянттарын өздөштүрүп, жарандардын жашоосу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө аракет көрүлүүдө.

Өткөн жылы турак үйү кооптуу аймакта жайгашкан Өзгөндүк 1039 жаран ӨКМ тарабынан “коопсуз жакка көчүрүлүүгө тийиш”,- деп табылган. Булар үчүн аталган райондун аймагынан 219 гектар жер аянты трансформацияланып берилген. Жаман-Адыр участкасынан бөлүнгөн 740 жер тилкесинин 593ү өз ээсин тапкан. Жаздан тартып, турак жай салууга 214 адам киришкен. Кыш түшкөнгө чейин 172 жаран үйдүн пайдубалын гана түптөй алса, 72си чатырын жапканга үлгүргөн. Эрте аракет камын көргөн 59 жаран тургузган жаңы тамдарында жашап жатышат. Ар аймактын жашоочуларын бириктирген жаңы конушту жергиликтүүлөр “Ынтымак” деп аташты. 

Кырсыктан жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан 34 млн сом акча каражаты жалпы 108 үй-бүлөгө бөлүнүп берилген. Атайын комиссиянын негизинде жабыркагандардын алды 400 миң сомго чейин кайтарымсыз жардам алган. Эшбаевдердин үй-бүлөсү буга кошумча мамлекетик ипотекалык компаниядан 300 миң сом насыя да алган. 

 7 пайыздык чен менен 7 жылга берилген Мамлекеттик ипотекалык насыядан Эшбаев сыяктуу 163 жаранга жалпы 41 млн сомдон ашуун насыя берилген. Алгачкы алты айлык эс алууну бир жылга узартуу сунушун жергиликтүүлөр вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев менен болгон жолугушууда билдиришти.

Вице-премьер-министр, ошондой эле, Ана-Кызылдагы жаңы конуштун жашоочуларынын жашоо-шартынан кабар алды. Ана-Кызылдагы өздөштүрүлгөн 44 гектар жер аянтына жалпы 214 үй-бүлө жайгаштырылат. Мунун 50сү өткөн жылы курулуш ишин баштаган. 41и үйдүн пайдубалы түптөлүп, 20сынын чатыры жабылды. 

Конушта азыркы тапта Аюу конушунан көчүп келген 13 үй-бүлө жашап жатат. Булардын 9у түркиялык ТИКО уюму, 7өөсү мамлекет тарабынан акысыз салынган. Үй ичине мештер орнотулуп, таза суу берилген. Конуштагыларды ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга 12 чакырымдык суу түтүктөрү тартылган. 33 млн сомго бааланган долбоордо жалпы 35 суу кудукча каралган. Мунун учурда 16сы ишке берилген. Калган 19у калктын көчүп келүүсүнө жараша ишке кирет. 

Таза суу менен бирге конушта жарандардын жашоо-шартына зарыл болгон шарттын баары эске алынган. Кубаттуу электр чордондору орнотулуп, унаа жолдор салынган. Конушка эмкана, бала бакча, мектеп сыяктуу социалдык объектилердин долбоорлору түзүлүп, алды чатырын жаба баштады. Мектептин курулушун аяктоо өткөн жылдын декабрына белгиленген. Адистер, мунун жүйөлүү себептери бардыгын айтат.

Дайыр Кенекеев Зергердеги 275 орундуу жаңы мектептин курулуш сапатынан да кабар алды. Сметалык баасы 72 млн сомду түзгөн бул мектеп спорт аянтчасы менен келерки жаңы окуу жылына бүткөрүлөт. Өткөн жылы Ош облусунун аймагында 116 социалдык объекттин курулушу жүргөн. 39 объект пайдаланууга берилсе, дагы 8 объект ишке берилүү алдында турат.