Жаңылыктар
"Ош" базарындагы өрттөн 118 ишкер зыян тартты
Өзгөчө кырдаал
 "Ош" базарындагы өрттөн 118 ишкер зыян тартты

Бишкек шаарындагы "Ош" базарындагы өрттөн 118 ишкер зыян тартты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. 

Базар ичиндеги "Сейтек" соода борборунан 108 жана "Берекет" түйүнүнөн 10 орун толук күйүп кетти. Үч жарым миң чарчы аянт өрттөнгөн. Учурда кырсыктын себеби иликтенип, чыгымдар эсептелүүдө.