Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга расмий сапары менен барат
Саясат
Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга расмий сапары менен барат

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга расмий сапары менен барат. Визит коңшу өлкө президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 1-2-февраль күндөрү орун алмакчы. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди. 

Иш сапардын алкагында эки өлкө жетекчилеринин жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү өтөт. Аны менен бирге Сооронбай Жээнбеков коңшу өлкөнүн премьер-министри жана парламент спикери менен жолугушаары күтүлүүдө. 

Визиттин алкагында эки тараптуу алакага багытталган бир катар маселелер талкууланып, анын негизги бөлүгү чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр болмокчу. 

Айзада Субакожоеванын айтымында, буга чейин Тажикстан менен 519 чакырым чек ара аймагы такталып бүткөн, иш сапардын алкагында тактала элек калган аймактарда ишти активдештирүү боюнча сүйлөшүүлөр болот. Сапардын алкагында эки тараптуу кызматташтыкка багытталган бир нече документтерге кол коюлат.