Жаңылыктар
Аксыдагы шахтада 26 жаштагы жигитти таш басып калды
Кырсык
Аксыдагы шахтада 26 жаштагы жигитти таш басып калды

Аксы районунун тургунун шахтада таш басып калды. ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя кечээ, 31-январда райондун Кара-Тыт айылында мыйзамсыз көмүр казуу үчүн ачылган шахтада болгон.

Таштын алдында калган жаран — Жолборсту айылынын 1992-жылы туулган тургуну М.Ч. экени такталды. Издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн саат 16:38де ӨКМдин №6 мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 12 куткаруучу жөнөтүлгөн. Куткаруучулар саат 21:30да маркумдун жансыз денесин таап чыгып, милиция кызматкерлерине беришти.