Жаңылыктар
Алайда 4 күн мурун ууга кеткен мергенчи дайынсыз болууда
Кыргызстан жаңылыктары
Алайда 4 күн мурун ууга кеткен мергенчи дайынсыз болууда

Ош облусундагы Алай районунун Будалык айыл аймагына караштуу Октябрь айылынын тургуну Д.Матишовду издөө иштери улантылып жатат. Ал 28-январда саат 08:00 чамасында Сары-Күңгөй тоосун көздөй аң уулоого кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жатат.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, акыркы жолу 28-январда саат 16:00дө үй-бүлөсү менен байланышкан. Алгач жакындары өз алдынча издеп, куткаруучуларга 30-январда билдиришкен.

Кечээ, 31-январда аны издөөгө жалпы 100гө чукул адам чыкканы маалымдалган болчу. Бүгүн, 1-февралда издөө иштерин №68 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 6 куткаруучусу, туугандары жана РИИБдин кызматкерлери, жергиликтүү тургундар улантып жатышат.