Жаңылыктар
Акыркы суткада өлкө аймагында 20 өрт чыкты
Өзгөчө кырдаал
Акыркы суткада өлкө аймагында 20 өрт чыкты

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 20 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 20 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 1-февралда ӨКМдин басма сөз кызматы. 

Баткендеги Лейлек районунун Исфана шаарында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жеңил унаанын алдыңкы бөлүгү күйгөн. Адамдар жаракат алган жок. Электр зымдарынын кыска туташуусу өрткө себеп болгон.