Жаңылыктар
Ю.Проценко: Мен Тилек Жээнбековдон коркпойм, бир да жеңилбеген мушкер жок
Спорт
Ю.Проценко: Мен Тилек Жээнбековдон коркпойм, бир да жеңилбеген мушкер жок

Бишкек шаарында 6-мартта Бүткүл дүйнөлүк кулатуу федерациясынын алдындагы турнир өтүп, WEF версиясы боюнча дүйнө чемпиону аныкталат. Бул тууралуу sport.akipress.org сайты жазып чыкты.

Маалым болгондой, оор салмак даражада WEF версиясы боюнча чемпиондук наам үчүн кыргызстандык Тилек Жээнбеков менен украиналык Юрий Проценко беттешет.

«Тилек жөнөкөй мушкер эмес. Бул спорт. Бул жерде бардыгы бир соккудан көз каранды. Мен андан коркпойм. Ал мен сыяктуу эле. Бир да жеңилбеген мушкер жок. Бардыгы кайсы бир мезгилде жеңген же жеңилет», - деди 21 жаштагы Ю.Проценко.

Буга чейин Ю.Проценко Бишкек шаарында 2017-жылдын 9-декабрында өткөн Jash Kuch Fighting Championship турнирине катышып, кыргызстандык Мыктыбек Мамасалиевди жеңип, дүйнө чемпиону аталган.