Жаңылыктар
Нарында хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 2-туру өтөт
Спорт
Нарында хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 2-туру өтөт

Нарын шаарындагы Т.Токтосунов атындагы спорт ордосунда 2-3-февраль күндөрү хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 2-туру өтөт. Бул тууралуу чемпионаттын калысы Болотбек Бектемишов билдирди.

Анын айтымында, чемпионатка «Ала-Тоо Дордой», «Ат-Башы», «Чолпон-Ата», «Кыргыз темир жолу», «Учкуч», «Долон» жана «Нур Аке» командалары катышып, 2 топко бөлүнүп оюн көрсөтүшөт.

Буга чейин чемпионаттын 1-туру өтүп, ага аталган командалар катышкан болчу. Үч күнгө созулган мелдеште биринчи топто ойногон «Ала-Тоо Дордой» командасы 6 упай, «Ат-Башы» командасы үч упай топтосо, «Чолпон-Ата» командасы упай алган жок. Ал эми 2-топто ойногон «Кыргыз темир жолу» командасы 9 упай, «Учкуч» командасы 6 упай, «Долон» командасы 3 упай алып, «Нур Аке» командасы упай топтогон жок.