Жаңылыктар
Ала-Арча суусунун деңгээли көтөрүлүп, 3 турак үйдү суу каптады
Өзгөчө кырдаал
Ала-Арча суусунун деңгээли көтөрүлүп, 3 турак үйдү суу каптады

Ала-Арча суусунун деңгээли көтөрүлүп, суунун көлөмү секундасына 10-13 метр куб болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Майрамбек Жунусов билдирди.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкектеги Москва менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 3 турак үйдү суу каптады.

«Бишкек шаарынын жарандык коргонуу күчү жана каражаты суу каптоонун кесепеттерин жоюу боюнча иштеп жатат. Ага 70 адам жана 15 техника тартылды», - деди М.Жунусов

Бишкектин райондорунун жарандык коргонуу боюнча комиссиялары Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын кооптуу тилкелерин дайыма көзөмөлдөп жатат. Буга чейин ӨКМдин адистери аба ырайы жылып баштаса, тоңгон муздар ээрип, ага жакын жайгашкан турак үйлөрдү капташы мүмкүн экенин эскерткен болчу.