Жаңылыктар
Кыргызстан Иордания менен визасыз мамилеге өтөт
Саясат
Кыргызстан Иордания менен визасыз мамилеге өтөт

Кыргызстан Иордания менен визасыз мамилеге өтүп жатат. Бирок ал дипломаттык жана кызматтык паспорту бар жарандарга гана тиешелүү болот. Буга байланышкан долбоорду кыргыз өкмөтү жактырды. 

Документти Юстиция министрлиги сайтына жайгаштырды. Долбоордо, эки мамлекеттин кызматтык жана дипломаттык паспорту бар жарандары Кыргызстан жана Иорданияга визасы жок 90 күнгө чейин кирип жана чыга алышат.