Жаңылыктар
Орусия Кыргызстандын карызына байланышкан протоколду ратификациялады
Саясат
Орусия Кыргызстандын карызына байланышкан протоколду ратификациялады

Орусиянын Федерация союзу 31-январда Кыргызстандын карызына байланышкан протоколду ратификациялады. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги билдирет. Тиешелүү протоколго 2017-жылы 20-июнда Москвада мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда кол коюлган. Кыргызстандын карызы 240 миллион долларды түзөт. 

Расмий маалыматка ылайык, 2012-жылы Кыргызстандын жалпы карызынын суммасы 488, 9 миллион доллар болчу. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде Орусия 2013-жылы карыздын 188 миллион долларын кечкен. Калган 300 миллион доллар 10 жылга созулган мөөнөттө кыскартылат деген негизде келишимге кол коюлган. Ал боюнча, 300 миллиондон 60 миллион доллар кыскарып, жыйынтыгында 240 миллион доллар карыз калган.