Жаңылыктар
Өзбекстан: Инаятов Мирзиёевдин саясий-укуктук маселелер боюнча мамлекеттик кеңешчилигине дайындалды
Саясат
Өзбекстан: Инаятов Мирзиёевдин саясий-укуктук маселелер боюнча мамлекеттик кеңешчилигине дайындалды

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук боюнча кызматынын башчылыгынан кеткен Рустам Инаятов Шавкат Мирзиёевдин саясий-укуктук маселелер боюнча мамлекеттик кеңешчилигине дайындалды. Аны өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирет. 

Жашы 73кө келген генерал-полковник Улуттук коопсуздук кызматын акыркы 23 жылдан бери жетектеп келген. Коомчулукка көп көрүнбөгөн Инаятов Өзбекстандын бийлик тутумундагы эң таасирлүү адамдардын бири деп саналат. Ал эми атайын мекеменин жаңы башчысы, 52 жаштагы Ихтиёр Абдуллаев буга чейин башкы прокурордун кызматын аркалаган.