Жаңылыктар
Марокка эли жарым кылымдан кийин гана карлуу кышты көрүштү
Кыргызстан жаңылыктары
Марокка эли жарым кылымдан кийин гана карлуу кышты көрүштү

Түндүк Африкадагы Марокко өлкөсүнүн эли жарым кылымдан кийин гана карлуу кышты көрүп жатышат. Акыркы 50 жылдан бери бул аймакта кыш кургакчылык менен коштолуп, кар жаай элек болчу. 

Марокконун улуттук метеорология бөлүмү мындай аба-ырайын Түндүк Европадан келген катуу суук менен түшүндүрүшүүдө.

Жаратылыштын бул кубулушуна кубангандардын арасында чана жана лыжа тебүүнү каалагандар көп болуп, Мишлиффен жана Хабри тоолорунда кышкы оюндарды ойноп, ырахаттанып жаткандыгы жазылган маалыматта. Жергиликтүүлөр мындай кышты күтпөгөндүктөн сууктан жүдөп жаткандар да четтен чыгат. Жолдун тайгактыгынан унаалардын жүрүшү кыйындаган, кээ бирлери жылуу кийимдин жоктугун айтышса, арасында үйүн жылуулай албай жаткандар да бар.