Жаңылыктар
Борбор калаанын авариялык кызматтарына жалган чалуулар түшүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
 Борбор калаанын авариялык кызматтарына жалган чалуулар түшүүдө

Борбор калаанын авариялык кызматтарына жалган чалуулар түшүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Айрым учурларда бишкектиктер жөн жерден эле тамашага салып, тиешелүү кызматтардын тынчын алып жатканы айтылууда. Буга байланыштуу “Түндүк электр”, “Бишкек жылуулук түйүнү”, “Бишкексууканал” ишканаларынын ишине тоскоолдук кылып, убара тарттырып жатканы маалымдалды. 

Муниципалитет шаардыктарды билдирме таштоодо так даректи жана байланыш телефондорун көрсөтүүнү, ал эми кварталдык жана турак үй комитеттерин көйгөй жаралган жерге, көмөк чордондорго, инженердик түйүндөргө тоскоолдуксуз барууну камсыздоону өтүнөт.