Оштун батыш тарабынын жашоочулары эми мурдагыдай болуп суудан кыйналышпайт. Бүгүн Ош шаарында көлөмү алты миң кубометрден ашык суу сактоочу жай ачылып, бул саамалыкка президент Алмазбек Атамбаев күбө болду.
Суу резервуары шаардын батыш тарабында жашаган 40 миңден 60 миңге чейинки тургунду таза суу менен камсыздай турганы айтылды. Кененирээк Нургуль Жумабекованын материалында: