Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Тажикстанда
Саясат
Президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Тажикстанда

Президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга болгон расмий сапары уланууда. Өлкө башчысы Дүйшөмбү шаарында кесиптеши Эмомали Рахмон менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын багыттары талкууланды.

Эң негизгиси - эки өлкө тең өз ара мамилени жаңы баскычка чыгарууга кызыктар. 

Расмий иш-чаралардын алдында Сооронбай Жээнбеков Дүйшөмбүдөгү Достук аянтына барып, тажик мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Исмаил Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду. Бул коңшу мамлекетке болгон сый-ураматтын белгиси.


Кыргызстандын мамлекет башчысын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алып, алар хан чатырдын алдына келишти. Ардак кароолдун башчысы рапорт берген соң, эки өлкөнүн гимни жаңырды.


Жолугушуулардын жыйынтыгы менен эки тараптуу кызматташтыкка багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Анын ичинен эки өлкө башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды. Ошондой экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматтарынын, саламаттыкты сактоо, маданият министрликтеринин ортосунда өз арааракеттенүу боюна келишимдерге кол коюлду.