Жаңылыктар
Эки элдин достугун бекемдеген "Самаркандек" базары
Кыргызстан жаңылыктары
Эки элдин достугун бекемдеген "Самаркандек" базары

Эки элдин достугуна Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен "Самаркандек" базары данакер болуп келүүдө. Эл оозунда "Достук базары" аталып келген соода жайына коңшу тараптан сатуучулар да, алармандар да келет.



Жергиликтүүлөр "Самаркандек" базарын достуктун ордосу дешет. Анткени сатуучулардын тең жарымы кыргыздар болсо калганы тажик улутундагылар. Бул жерге жума жана ишемби күндөрү кошуна өлкөдөн миңдеген соодагерлер жана алармандар келишет. Бирок соода кыргыз сому менен жүрөт.


Коңшулардын бул жакка каттоосу дээрлик союз убагынан бери үзүлбөйт. Эки улуттун өкүлдөрү өзүндө жок товарларды алмашып, бирин-бири толуктап келишет. "Самаркандек" айылында сугат суу көйгөй жаратып, жашылча-жемиш аз өстүрүлгөндүктөн, тажикстандык өндүрүүчүлөрдүн товарына талап жогору. Ал эми Баткен өрүгүнө тажик тарап негизги кардар болуп келет.