Жаңылыктар
Ош шаарындагы окуучулар өзгөчө долбоорлорду ойлоп табууда
Билим
Ош шаарындагы окуучулар өзгөчө долбоорлорду ойлоп табууда

Ош шаарындагы окуучулар өзгөчө долбоорлорду иштеп чыгууда. Мындай эмгектер коомго канчалык деңгээлде пайда алып келет жана маанилүүбү? 


Кыргызстандын энергоресурсун канткенде натыйжалуу жана үнөмдөп иштетебиз. Окуучулар бул долбоордун үстүнөн көпкө иштешкен. Бул Ош шаарындагы жаш техниктер ийриминдеги балдар узак мөөнөттүү жана арзан электр устундарды жасоо менен алек.


Баланын илимий чөйрөгө аралашуусуна анын кызыгуусу гана жетиштүү эмес. Илимге кызыккан балдардын ийгиликтүү эмгектерди жаратышы үчүн, мугалимдердин окутуу усулу жана ата-энелердин колдоосу да абдан маанилүү.

Бул эмгектер болочоктогу инженерлердин ойлоп тапкандарынын бир бөлүгү гана. Илимге кызыккан балдар республикалык сынактарга катышып, өлкөнү таң калтырууну эңсешет. Негизги максат - жеңиш эмес, катышуу жана илимий чөйрөгө өзүн таанытуу.