Жаңылыктар
Айсулуу Токомбаеванын 70 жылдыгына арналган салтанаттуу концерт өттү
Маданият
Айсулуу Токомбаеванын 70 жылдыгына арналган салтанаттуу концерт өттү

Чолпонбек Базарбаев атындагы көркөм хореографиялык окуу жайда СССРдин эл артисти, атактуу балерина Айсулуу Токомбаеванын 70 жылдыгына арналган салтанаттуу концерт өттү.

Иш-чарада окуу жайдын студенттери дүйнөлүк классикалык жана кыргыз балеттеринен мыкты чыгармаларды аткарышты.

Айсулуу Токомбаева 1947-жылы 22-сентябрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал 1966-жылдан 1995-жылга чейин Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын бийчиси болгон. 

Токомбаева Петр Чайковскийдин "Ак куу көлү", "Уйкудагы сулуу", Адольф Адандын "Жизель", Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу", "Маңкурттар баяны" жана башка балеттерде башкы партияларды жогорку чеберчиликте аткарган. 

Ал 1995-жылдан бери Түркиянын Анкара мамлекеттик консерваториясында хореография боюнча окутуучу болуп эмгектенүүдө.