Жаңылыктар
Мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилинен тест тапшырышат
Билим
Мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилинен тест тапшырышат

Март айынан баштап сөз болгон Боршайкомдун, дегеле өлкөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли текшериле баштайт. 

Бул “Кыргызтест” системасы аркылуу ишке ашат. Мындай маалыматты мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан кабарлашты. 5 айдын аралыгында 24 муниципалдык ишканалардын кызматкерлери толугу менен негизги, орто жана жогорку делген баскычтагы тастыктамаларга ээ болууга тийиш. 

Биринчи сынакта тийиштүү упай топтой албагандар, 3 айдан кийин даярданып, кайрадан сынактан өтүүгө туура келет. Бул иш-чара Кыргызстандагы мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталат.