Жаңылыктар
Сапар Исаков Алматадагы ЕАЭБ жыйынына катышууда
Экономика
Сапар Исаков Алматадагы ЕАЭБ жыйынына катышууда

Алмата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны алкагында "Ааламдашуу заманындагы санариптик күн тартип" форуму башталды. Ага Премьер-министр Сапар Исаков катышып жатат.

Жыйында Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары Биримдиктин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, интеграциялык биримдикти өнүктүрүү жана анын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү маселелерин карашууда. 

Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердеги макроэкономикалык абал, Биримдик өлкөлөрү ортосундагы өз-ара соода жүгүртүү, агроөнөржай комплексинин абалы жана келечекте ЕАЭБди өнүктүрүүгө байланыштуу башка максаттар талкууланат. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюулушу күтүлүүдө.