Жаңылыктар
Темир Жумакадыров мерт болгон жол кырсыгына айыптуу жаран 10 жылга кесилди
Кылмыш
Темир Жумакадыров мерт болгон жол кырсыгына айыптуу жаран 10 жылга кесилди

Вице-премьер министр Темир Жумакадыров мерт болгон жол кырсыгына айыптуу жаран Афтандил Таалайбек уулу 10 жылга жатак-абагына кесилди. Чечимди Чүй облусунун Москва райондук соту чыгарды. 

Мындан тышкары, аны сот мамлекетке 2 миллион 100 миң сом айып төлөөгө милдеттендирди.

Эске салсак, Москва районуна караштуу Садовое айылынын аймагында "КамАЗ" менен Land Cruiser унаалары кагышып, вице-премьер министр Темир Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов каза болгон.