Жаңылыктар
Күндүн темасы: Ысырапкорчулукка жол жок
Кыргызстан жаңылыктары
Күндүн темасы: Ысырапкорчулукка жол жок

Тажикстанда аш-тойду чектөө мурдагыдан да күчөдү. Айрым аймактарда жергиликтүү бийлик ар кандай салтанат өтүп жаткан үйлөрдү түрө кыдырып, ысырапкорчулук кылды дегендердин тамак-ашын алып кеткен учурлар катталып жатат. Тажикстанда мындан туура он жыл мурун кабыл алынган "Каада-салтты, салтанат жана жөрөлгөнү тартипке салуу жөнүндө" мыйзамга ушул жайында президент Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен дагы кошумча-алымча кирген. Анда аш-тойду өткөрүүгө кошумча чектөөлөр кошулган. Ал эми Кыргызстанда бул жаатта буга чейин кандай иштер жүргүзүлгөн жана мындан ары кандай иштер алып барылат? 

Уктурууга Кыргыз улуттук илимдер академиясынын философия институтунун башычысы Нур Саралаев, тарыхчы Кыяс Молдокасымов катышты. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. Түз эфирдин номери 0312 39 21 90, 0312 65 66 04.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"