Жаңылыктар
Президенттин Тажикстанга болгон расмий сапары жыйынтыкталды
Саясат
Президенттин Тажикстанга болгон расмий сапары жыйынтыкталды

Президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстан мамлекетине болгон расмий сапары жыйынтыкталып, бүгүн Кыргызстанга кайтып келди. 

Коңшу өлкөнүн жетекчилиги менен жогорку деңгээлдеги жолугушууларда, эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы багыттары так аныкталды. Расмий визит Кыргызстан менен Тажикстандын дипломатиялык мамилесинин түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына туура келип, күтүлгөндөй эле эки өлкөнүн алакасын жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө болгону президенттер тарабынан баса белгиленди. 

Иш сапардын алкагында эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары талкууланды. Мында президенттер ар бир маселе боюнча орток пикир табылганын, алар эки элдин достук ынтымагын бекемдөөгө багытталганын белгилешти. 

Өлкө башчысы коңшу мамлекет менен чек ара маселеси мүмкүн болушунча эрте чечилиши маанилүү экенине токтолду.