Жаңылыктар
Айдоочулар тез жардам унааларына канчалык маани беришет?
Кыргызстан жаңылыктары
Айдоочулар тез жардам унааларына канчалык маани беришет?

Жол кырсыгын алдын-алуу үчүн көп каражаттын же болбосо кандайдыр бир үлкөн реформанын деле кереги жок. Бир гана негизги эреже- айдоочулардын сабатын жогорулатуу керек. 

Өнүккөн өлкөлөрдө тез жардам унаасы келе жатканда автоунаалар дароо жолдун чекесине чыгып жол бошотуп берет. Ал эми бизде абал башкача.

Эскертүүчү чыракчаларын жандырып кетип жаткан тез жардам унаасын эле эмес, катар тизилген жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү унааларын да көзгө илбей кетип жаткан айдоочуларды Бишкектен көп издебей табасың.